ӨКМдин Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 30-майда Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот.
Абанын температурасы аймактарда:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13... +18, күндүз +29... +34;
- Талас жергесинде түнкүсүн +10... +15, күндүз +26... +31;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13... +18, күндүз +30... +35;
- Нарын аймагында түнкүсүн +6... +11, күндүз +21 .. +26;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8... +13, күндүз +21 .. +26;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +15... +17, күндүз +31 .. +33.