
Кечээ, 28-майда Баткендин Лейлек чек ара отрядында койлорду мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чек ара кызматкерлери Талпак аймагындагы мамлекеттик чек арага жакын аймакта 31 баш майда малды чек ара тарапка айдап бара жаткан учурду аныкташкан. Бул учурда малды коштоп жүргөн эки белгисиз жаран окуя болгон жерден из жашырышкан.
Кармалган мал тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Учурда алардын ээлери жана окуянын бардык жагдайлары такталууда.