
Өлкөнүн грек-рим жана эркин күрөш боюнча курама командасы "Open Ulaanbaatar" рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, турнир 3-8-июнь күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында өтөт. Өлкө намысын коргой турган балбандардын тизмесинде Жоламан Шаршенбеков дагы бар. Ал акыркы жолу килемге былтыр июлда чыккан. Белгилүү балбан операция жасатканын айтып, спортто тынууга алган.