Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын
кызматкери 14 800 сом жана 100 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул
туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолдогу тартипти көзөмөлдөөчү мекеменин ага инспектору С.Б.Р. Бишкек шаарынын тургунунан жол кырсыгы боюнча фактыны жаап берүү максатында 600 доллар талап кылганы аныкталган.
Бул боюнча Бишкек шаардык
прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "опузалап пара талап кылуу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат.