Биз социалдык тармакта

Кинодогудай... Өзгөндө сот имаратынан качкан жаран кармалды

Өзгөн районунда сот имаратынан качкан 34 жаштагы айыпталуучу изи сууй электе кармалды. Маалыматты Ош облустук милициясы тастыктады.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 29-майда сотко алынып барган. Айыпталуучу 14:20да ажатканага кирип, ал жерден качып чыккан. Дароо 130дан ашуун милиция кызматкери издөөгө чыккан. Натыйжада ал видеокөзөмөлдүн жардамы менен колго түшкөн.

34 жаштагы жаран Кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча айыпталып жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан