Синоптиктердин маалыматына караганда, эртең, 31-майда Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Ал эми өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14... +19, күндүз +32... +37;
- Талас жергесинде түнкүсүн +12... +17, күндүз +28... +33;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15... +20, күндүз +32... +37;
- Нарын аймагында түнкүсүн +6... +11, күндүз +22 .. +27;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8... +13, күндүз +22 .. +27;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +16... +18, күндүз +34... +36.