Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясынын 28-январдагы кеңейтилген отурумунда Султан Раев: “Мааламыттык саясат тармагында өлкөдөгү телеберүүнү санариптик форматка өткөрүү багытындагы иш-чараларды жүргүзүү 2014-жылдын негизги маселелеринин бири болуп саналат”,- деп билдирди
“Ош шаары 2014-жылы КМШ өлкөлөрүнүн арасында маданият борбору, Бишкек шаары Ислам маданиятынын борбору деп жарыяланды. Ошондой эле Түрк маданиятынын эл аралык уюму ("ТЮРКСОЙ") 2014-жылды Токтогул Сатылгановдун жылы деп жарыялады. Азыр министрликтин эң маанилүү маселелеринин бири - улуттук маданиятты дүйнөлүк коомчулукка жайылтуу”,- деди Раев.