Сузакта жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Сузакта жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-январында Сузак районунун 1989-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 25-январь күнү Сузак райондук Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары атасынын атын өзгөртүү үчүн барганын айткан. Бирок ошол жерде иштеген Гаухар аттуу айым “документтериң туура эмес” деп 5000 сом акча талап кылганын маалымдаган. 
Бул факты боюнча Жалал-Абад ички иштер башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголгон. 
 Оперативдүү иштердин натыйжасында 1976-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну Г.Абдыразакова иш бөлмөсүндө 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. 
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Akshumkar
2014-01-28 14:58:02
Ырасс болот кысчу жеринди кысып иштей бербейсинби
0
emilkyrshab
2014-01-28 15:44:56
Озу Кыкенди бир жерге ишке орнотсон эле койкойуп, копту билген корогоч болуп чыга келет, бир документ иштери менен айыл окмотторго кирип калсан барбы, тим эле БУУкенсесинде отургандай, бир нерсе сурасан чайпалып укмаксан, жоп берсемби бербесемби болуп жанынды кашайтат, аны бироо уйдон жетелеп келип ишке коюп койгондой, жумушка олутту караш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан