
Бүгүн, 1-июндан баштап Ош шаарында Курманжан датка көчөсүнүн Нургазиев көчөсүнөн Асранкулов көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, жол бир айга жабылат. Мындай чектөө жер алдындагы жылуулук түтүктөрүнүн линиясын алмаштыруу иштерине байланыштуу жүргүзүлүүдө.