Баткен облусунун Кадамжай районунда арпа эгинин жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу 1-июнда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта 1 гектар аянттан 42 центнер түшүм алынууда.
Белгиленгендей, район боюнча жалпы 4395 гектар жерге кылкандуу дан эгини эгилген. Анын ичинен 450 гектары арпа, калганын буудай түзөт.