Биз социалдык тармакта

Кытайда жол кырсыгынан кыргызстандык каза болду

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономия районундагы Иле-Казак автономиялуу облусунун Кулжа шаарында Кыргызстандын 22 жаштагы жараны жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу 1-июнда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 30-майда катталып, жол кырсыгына тиешеси бар унаанын айдоочусу кармалган. Учурда Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Азыркы күндө Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин иштеп чыгууда.

Белгиленгендей, чет мамлекеттерде каза болгон жарандардын туугандары репатриациялык чыгымдарды жабууга багытталган мамлекеттик бир жолку төлөмдү (Жүк-200) алууга укуктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан