Чүйдүн Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызматкерлери кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, вице-мэр менен мэрияга караштуу "Жол курулуш башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын директору өз ара сүйлөшүп алышып, муниципалдык ишкананын жана жергиликтүү бюджеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен жеке жактарга кум-шагыл аралашмасын жана битумдук асфальтты мыйзамсыз сатуу иштерин уюштурушкан.
Атайын кызмат бул иш кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы катары таанылганын белгилеп, алар УКМКнын тергөө абагына киргизилишкенин кошумчалады.