Бишкектеги Манас проспекти менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Киа Оптима үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилкеге чыгып, кичи автобус менен сүзүшкөн.
Кырсыктан Кианын айдоочусу каза болуп, дагы эки жүргүнчү ооруканага кайрылган.