Биз социалдык тармакта

Милиция Кара-Балтадагы кырсык боюнча кошумча маалымат берди

Чүй облустук милициясы Кара-Балта шаарында поезд сүзгөн Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ооруканага жетпей каза тапканын билдирди.

Маалымдалгандай, кырсык кечээ, 1-июнда болгон. 54 жаштагы айдоочу поезд үн сигналдарын бергенине карабастан темир жол өтмөгүнөн өтүп кетүүгө аракет жасаган. Мындан улам поезд токтогонго жетишпей жүк ташуучу унааны 200 метр аралыкка чейин сүйрөп барган.

Натыйжада айдоочу оор жаракаттарды алып "Тез жардам" кызматы тарабынан ооруканага жөнөтүлгөн. Тилекке каршы, ал ооруканага жетпей калган. Жүк ташуучу унаа айып короого киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда бардык жагдайларды аныктоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан