
Кечээ, 1-июнда катталган катуу шамал Талас шаарындагы Манас көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынын бир бөлүгүн учуруп кетти.
Мэриядан билдиргендей, окуя болгон жерге барган калаа башчысы Нургазы Асылбеков тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнө кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюу, тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана келтирилген чыгымдарды тактоо боюнча тапшырмаларды берди.
Учурда жарандык коргонуу жана тиешелүү муниципалдык кызматтар тарабынан калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кырдаал шаар жетекчилигинин көзөмөлүндө.