Башкы прокуратура адам өлтүрүүгө айыпталып жаткан эки жаран Таиланддан Кыргызстанга экстрадиция болгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жарандар чет өлкөлүк жаранды өлтүрүүгө шектелип эл аралык издөөдө жүрүшкөн. Алар Таиланддын аймагынан кармалышкан.
Учурда айыпталуучулар тергөө абагына киргизилди.