Биз социалдык тармакта

Ак-Буура дарыясына агып кеткен баланын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды

Ош шаарында Ак-Буура дарыясына агып кеткен баланын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 31-май күнү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, бир нече бала Ош шаарындагы эски тоок базарынын тушундагы Ак-Буура дарыясына түшүп жаткан учурда суунун деңгээли көтөрүлүп, агымга кабылышкан.

Окуядан кийин төрт бала куткарылып калган. Ал эми 2017-жылы туулган А.Н. аттуу бала дайынсыз болуп, аны издөө иштери башталган.

Издөө-куткаруу иштерине 82 куткаруучу, бир дрон жана жалпы 128 адам тартылган. Натыйжада баланын жансыз денеси Өзбекстандын аймагындагы Ак-Буура дарыясынан табылган.

Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы да тастыктады.

ӨКМден билдиришкендей, баланын сөөгүн алып келүү үчүн анын ата-энеси Өзбекстандын аймагына өтүшкөн.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан