Биз социалдык тармакта

Чүйдө өгөй баласын бычактоого шектелген жаран кармалды

Москва районунда 30 жаштагы жаранды бычактоого шектелип анын 66 жаштагы өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Чүй облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 28-майда Садовое айылындагы үйдө болгон. Алар мас абалында чырдаша кетишип, шектүү өгөй уулун бычак менен көкүрөккө сайган. Жабырлануучу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, 66 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан