Жайыл районунда былтыр жай мезгилинде бир жаран асынып каза болгон. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, 2025-жылдын июль айында милицияга кайрылган Суусамыр айылынын тургуну бир тууганынын өлүмүнө анын жубайы себеп болгонун айткан.
Аталган факт боюнча текшерүү жүргүзүлүп, тараптардан көрсөтмөлөр алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Жыйынтыгында үй-бүлөдө пикир келишпестиктер жана чыр-чатактар болгондугу аныкталган. Маркумдун денесинен башка жаракаттар, зомбулуктун белгилери табылган эмес.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыштын курамы аныкталбагандыктан, кылмыш иши козголгон эмес.