Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Ливандагы медициналык мекемелерге каршы акыркы үч ай ичинде дээрлик 200 чабуул катталганын билдирди.
Уюмдун Ливандагы өкүлү Абдинасир Абубакар маалымдагандай, март айынан бери саламаттык сактоо мекемелерине жасалган 190 чабуул тастыкталган. Анын кесепетинен 128 медицина кызматкери каза болуп, дагы 332 адам жаракат алган.
Маалыматка ылайык, акыркы бир жуманын ичинде эле 11 чабуул катталып, төрт адам көз жумган жана 24 адам жаракат алган. Алардын арасында жекшемби күнү Ливандын түштүгүндөгү Хирама ооруканасынын жанында болгон окуя да бар.
ДССУ бул мезгилди 2023-жылдын октябрь айында башталган жаңжалдан берки Ливан үчүн эң оор жана адам өмүрү көп жоготулган учурлардын бири катары мүнөздөдү.