Биз социалдык тармакта

Чүйдө жайыттарды бузуу фактылары аныкталып, айып пул салынды

Чүй облусундагы Ак-Таш аймагында жайыттарды жана жаратылыш аймактарын бузуу фактылары боюнча 38 миң 500 сомдук айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги маалымдады.
Анда айтылгандай, буга чейин Экотехкөзөмөл кызматы тарабынан түшүндүрүү жана эскертүү иштери байма-бай жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө мыйзам талаптарын атайылап бузгандарга карата көзөмөл күчөтүлүп, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлүүдө.
"Жайыттарды, жаратылыш аймактарын жана экосистемди автоунаа жана мототранспорт каражаттары менен бузууга жол бербөөгө чакырабыз. Мыйзамсыз кирүү жана жайыттарды бузуу фактылары үчүн мыйзамдарга ылайык 5500 сомдон 20 000 сомго чейин административдик айып пул каралган",- деп эскертти мекеме.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан