Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Дөбө жайлоосунда жүргүзүлүп жаткан кен казуу иштерине жергиликтүү тургундар нааразычылык билдиришүүдө. Интернет желесине 31-майда тартылган видео жарыяланды. Автордун айтымында, мурда токтотулган иштер быйыл кайра жанданган.
Жарандар тоо кыркаларынын бузулушунан жайыттардын азайышына, мөңгүлөрдүн эришине жана жардыруу иштеринин аймактагы ичүүчү суунун сапатына терс таасир тийгизерине кооптонушууда.
Казуу иштерин мамлекеттик кызматтар токтотпосо, ишти жергиликтүү эл колго ала турганы айтылды видеодо.