Биз социалдык тармакта

Депутат аскерлердин тамагына бөлүнчү акчаны абактагылардыкы менен салыштырды

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев өкмөттү күч түзүмдөрү менен укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин тамак-ашына бөлүнө турган акча каражатын жогорулатууга чакырды.

"Аскер жана укук коргоо кызматкерлеринин суткалык тамак-ашына 70 сом бөлүнөт. Абакта отурган бир адамга күнүнө тамак-аш үчүн 130 сом бөлүнөт экен. Күнү-түнү өлкөнүн коопсуздугу үчүн эмгек кылган аскер адамдарынын тамагына бөлүнгөн акча азыркы шартка жооп бербейт",- деди эл өкүлү парламенттин 3-июндагы жыйынында.

Депутат аскерлердин тамагына бөлүнчү акчаны абактагылардыкы менен салыштырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан