Бишкекте 51 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү "Берекет Гранд" соода комплексинен жалпы баасы 48 миң сомду түзгөн эки даана алтын билерикти уурдаган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын дагы бир ушул сыяктуу кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталууда.