Биз социалдык тармакта

Эл аралык баңгизат каналына бөгөт коюлду (видео)

Кыргызстан менен Өзбекстандын Ички иштер министрлиги тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Э. аттуу жаран Тажикстандан Кыргызстанга ири өлчөмдө гашиш баңгизатын мыйзамсыз алып келип, андан ары сатуу максатында ташып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 1993-жылы туулган Э.Э.Й. аттуу жаран баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан учурда кармалган. Тинтүү учурунда 3 килограмм баңгизат табылган. Андан соң анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп 34 килограмм 448 грамм баңгизат табылган.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Өзбекстандын укук коргоо органдарынын өз ара кызматташуусунун негизинде коңшу мамлекеттин укук коргоо органдары тарабынан 14 килограмм гашиш жана 1 килограмм апийим алынган. Мыйзамсыз баңгизат жүгүртүү каналына тиешеси бар деп шектелген 1995-жылы туулган Х.Т.Т. аттуу жаран кармалган.
Эл аралык баңгизат каналына бөгөт коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан