2013-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бюджеттен каралган суммадан 1 миллиард сомдон ашык каражат сарптады. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, маданият тармагына 1 миллиард 127 миллион 173 миң 400 сом иштетилди. Ошонун ичине бөлүмдөр:
– Борбордук аппарат – 11 миллион 577 миң 700 сом;
– “Маданият” – 626 миллион 987 миң сом;
– “Билим берүү” – 342 миллион 795 миң 800 сом;
– “Областтык телерадио уюмдар” – 32 миллион 109 миң 600 сом;
– “Областтык жана райондук гезиттердин редакциялары” – 39 миллион 975 миң 700 сом;
– кино департаменти – 66 миллион 527 миң 200 сом;
– туризм департаменти – 7 миллион 200 миң 400 сом.
2012-жылга салыштырмалуу 2013-жылы 107 миллион 544 миң 800 сомго көп каражат пайдаланылды.