Биз социалдык тармакта

Бишкектин Киев көчөсүн өзгөртүү боюнча коомдук талкуу болот

Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды Киев көчөсүн өзгөртүү боюнча коомдук талкууга катышууга чакырат.
Мэриядан кабарлагандай, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сунуш-пикирлерин жана сын-эскертүүлөрүн билдире алышат. Иш-чара 5-июнда саат 17:00дө Туңгуч театрында өтөт.
Эске салсак, аталган көчө жаңы кабыл алынган башкы планга ылайык, жөө адамдар баса турган көчөгө айланат. Ошондой эле анда коомдук транспорттун гана жүрүүсүнө уруксат берилмекчи.
Башкы пландын картасынан Киев көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн чейинки бөлүгү жөө адамдар үчүн белгиленгенин (сары түс) көрүүгө болот. Ошону менен бирге коомдук унаанын (трамвай) жолу (кызыл сызык) каралган. Унаалардын кыймылына чектөө киргизилет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан