Бүгүн, 3-июнда Ош шаарында Жаштар борборунун жаңы имараты колдонууга берилди.
Мэриядан билдиргендей, борбор мэриясынын демилгеси менен БУУӨПтүн өнөктөштүгүндө жана Орусиянын колдоосу менен курулду. Үч кабаттуу имаратта тил үйрөтүү, робототехника, шахмат, кулинария курстары, лидерлик боюнча окуулар, ошондой эле заманбап конференц-зал иш алып барат. Мындан тышкары, "Арууке" бий ансамблинин ишмердүүлүгү улантылат.
Иш-чарага шаар башчысы Жанар Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү, Орусиянын Оштогу башкы консулу Роман Свистин, студенттер жана жаштар катышты.
Шаар мэри студенттерге шаар аймагында 13 жаңы сквердин курулушу жүрүп жатканын айтып, ОшМУнун, ОшТУнун жана ОшКУУнун архитектура жана дизайн багытында билим алып жаткан студенттерин үч скверди өздөрү долбоорлоп ишке ашырууга чакырды.