Юстиция министринин орун басары болуп Данияр Калматов дайындалды. Бул тууралуу 3-июнда аталган министрликтен кабарлашты.
Калматов 1993-жылы Кыргыз техникалык университетинин алдындагы Бухара технологиялык институтун инженер-технолог адистиги боюнча, ал эми 1999-жылы Москва мамлекеттик социалдык университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун Мамлекеттик бажы кызматында баштап, мамлекеттик кызматтын ар кандай кызмат орундарында 30 жылдан ашуун эмгек тажрыйбасына ээ. Акыркы жылдары Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору кызматын аркалап келген.
Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси класстык ченине ээ. "Сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы медалы, III даражадагы "Чоро" медалы, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги" төш белгиси, ошондой эле мамлекеттик жана мекемелик сыйлыктар менен сыйланган.