Бүгүн, 3-июнда Талас облусунун токой чарба системасында коррупциялык механизмдер аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө айрым кызмат адамдары мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы аракеттенип, тиешелүү уруксат берүүчү документтер жок болгон шартта эс алуу багытындагы объектилердин мыйзамсыз курулушуна көмөк көрсөткөнү белгилүү болду.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Бакай-Ата токой чарбасынын жетекчиси К.Э.М. кылмыш жоопкерчилигине тартылганы маалымдалды.
УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө, кызмат ордуна карабастан, катуу бөгөт коюларын эскертти.