Бүгүн, 4-июнда туулган күнүн белгилеп жаткан белгилүү инсандардын катарында "Көк салкын" тасмасындагы ролу менен калың журтка таанылган актриса, блогер Кымбат Асизова да бар.

Ал 1991-жылы дал ушул күнү Бишкек шаарында туулган. Актриса музыкалык училищеде жана Искусство институтунун театр жана кино факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуган.
"Талас-Бишкек", "Көк салкын" тасмаларында роль жаратып, клиптерге да тартылган.

Актриса 2012-жылы клипмейкер Эрнист Сыдыковго турмушка чыгып, эки уулдуу болгон. Жубайлар 2024-жылы эки жолго түшкөнүн айтып чыгышкан.
4-июнга карата жылнаама.