Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев TikTok мобилдик тиркемесине соттун чечимисиз эле мыйзамсыз тыюу салынганын айтты.
Парламенттин 4-июндагы жыйынында УКМКнын жетекчисинин орун басары Алишер Эрбаев тыюу депутаттар кабыл алган мыйзамдын чегинде салынганын белгиледи. Ал тыюу убактылуу экенин, тиркемени ачуу мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.
Бекешев адепсиз контенттер башка тиркемелерде деле бар экенин айтып, "анда интернетти толук эле жабыш керек" деди.