Биз социалдык тармакта

Ош шаарында “Азирети Билал” жаңы мечити ачылды

Ош шаарында 5-июнь күнү Туран кичи шаарчасында жаңы курулган “Азирети Билал” мечитинин расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Белгиленгендей, мурда мечит Ишматов көчөсүндө жайгашкан. Өткөн жылы ал имарат кызыл сызыкка түшүп калганы үчүн буздурулуп, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаңы дарекке заманбап түрдө кайра курулган.

Ачылыш аземге Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, имамдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Самидин кары Атабаев мечиттердин коомдогу орду чоң экенин белгилеп, жаш муунду адеп-ахлакка, ыйманга жана ынтымакка тарбиялоонун маанилүүлүгүн айтты.

Жаңы “Азирети Билал” мечити жума жана айт намаздарын өткөрүүгө, ошондой эле жарандардын диний билим алуусуна жана руханий тарбиясына кызмат кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан