Ош шаарындагы «Олигарх» ресторанында үйлөнүү тоюна келген коноктордун ортосунда жаңжал чыгып, ал ресторандын короосунда мушташка айланган.
Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя болжол менен саат 18:00дө болгон. Видео социалдык тармактарга тарагандан кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ыкчам чара көрүп, окуяга тиешеси бар жарандарды милиция бөлүмүнө жеткирди.
Учурда бул факт боюнча «Бейбаштык» беренеси менен текшерүү иштери жүрүүдө. Видеодо тапанча кармап жүргөн жаран да кармалып, анын жанындагы пневматикалык тапанча алынган. Куралга тиешелүү экспертиза дайындалды.
Милиция окуянын бардык жагдайларын тактоону улантууда.