Бүгүн, 5-июнь саат 23:00гө карата Ысык-Көл районундагы селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине жалпы 73 адам тартылган:
— Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 50 куткаруучу
— Ички иштер министрлигинен 15 кызматкер
— Тез жардам кызматынан 8 кызматкер
Мындан тышкары, жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштерине жалпы 24 атайын техника тартылган.
Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу иштери күчөтүлгөн режимде жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилери күтүлүүдө.