Биз социалдык тармакта

Ошто коомдук тартипти бузган жаран коомдук ишке тартылды

Ош облусунда чогулушта коомдук тартипти бузган жаран 30 саат коомдук жумушка тартылды. Бул тууралуу 7-июнда облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жаран облус башчысы Аманкан Кенжебаев Папан айыл аймагынын тургундары менен жолугушуп жатканда коомдук тартипти бузуп, тургундарга тоскоолдук жараткан.
Кара-Суу райондук соту аталган жаранды Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, 30 саатка коомдук жумушка тартуу чечимин чыгарды.
Ал мас абалда экендиги аныкталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан