Биз социалдык тармакта

Касымалиев финансы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өкмөт башчы өз сөзүндө бүгүнкү күндө өлкөнүн финансы-экономикалык системасы динамикалуу өнүгүүнү көрсөтүп жатканын белгиледи.

"2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы 11,1 пайыз деңгээлинде экономикалык өсүшкө жетишип, аймактагы алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирди. 2026-жылдын биринчи төрт айында да оң тенденция сакталып, экономиканын өсүшү 12,4 пайызды түздү.

Өлкөнүн бюджети 2025-жылы 1 триллион сомдон ашык көлөмдө түзүлүп, профицит менен аткарылды, ал эми кирешелер 40 пайыздан ашык өсүп, экономиканын ачык-айкындуулугунун жогорулаганын жана салыктык базанын кеңейгенин көрсөттү.

Инвестициялык саясат олуттуу натыйжаларды берди – 2021–2025-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасына 34,5 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция тартылып, эл аралык өнөктөштөрдүн ишениминин өсүп жатканын ырастоодо.

Индустриялаштыруу саясатын ишке ашыруунун алкагында 2025-жылы эле 119 жаңы ишкана ишке берилди, 8 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү, ал эми 2026-жылы дагы 113 өнөр жай объектисин ачуу пландалууда.

Ошону менен катар ички экономикалык активдүүлүк да кеңейүүдө: керектөө суроо-талабы, насыялоонун көлөмү жана калктын кирешелери өсүүдө, бул ички рыноктун туруктуулугун бекемдеп, экономиканын андан ары өнүгүшүнө кошумча өбөлгөлөрдү түзүүдө.

Ошону менен бирге экономика калыбына келүү этабынан туруктуу индустриалдык-инновациялык өнүгүүгө өтүүчү сапаттык трансформация этабын башынан өткөрүүдө. Бул эл аралык ишенимдин өсүшү жана Moody’s, Fitch жана S&P рейтинг агенттиктеринин баалоолорунун жакшырганы менен да ырасталууда.

Ошол эле учурда инфляциялык процесстерди жана тышкы баа факторлорун камтыган айрым сыноолордун бар экенин түшүнөбүз. Бул багытта мамлекет тарабынан баа туруктуулугун, азык-түлүк коопсуздугун жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган комплекстүү чаралар көрүлүүдө", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан