Ош шаардык мэриясы 21-июнда “Жибек жолу” базарынын ачылыш аземи болорун кабарлады.
Аземдеги маданий программага Кыргыз Эл артисти Керим Турапов, Эмгек сиңирген артист Сыймык Бейшекеев, эстрада ырчылары Нурлан Насип, Самара Каримова, репер Freeman 996 катышат.
Анда шаар тургундары үчүн баалуу белектер ойнотулат. Алардын эң башкысы – Чанган унаасы.