Биз социалдык тармакта

Эл аралык "Наристе" балдар фольклордук фестивалы жыйынтыкталды

Кечээ, 7-июнда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий борборунда VI эл аралык "Наристе" балдар фольклордук фестивалы жыйынтыкталды.
Бишкек мэриясы билдиргендей, иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев катышып, фестивалдын катышуучуларына сертификаттарды жана жаш таланттарга эстелик белектерди тапшырды.
Калаа башчысы өз сөзүндө балдардын талантына, эмгекчилдигине жана өз маданиятына болгон сүйүүсүнө жогору баа берип, алар өз өлкөлөрүн татыктуу деңгээлде таанытып, көрүүчүлөргө унутулгус таасирлерди жана жагымдуу эмоцияларды тартуулаганын белгиледи.
Фестивалга Беларус, Монголия, Казакстан, Түштүк Корея, Түркия, Румыния, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын аймактарынан чогулган балдардын чыгармачыл жамааттары катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан