Биз социалдык тармакта

Жашыруун лаборатория... Чүйдө 2 жигит жана 2 чет өлкөлүк кармалды

Чүйдө жашыруун баңгизат лабораториясы аныкталып, 4 адам кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы жигит баңгизаттарды жашырып жүргөн жеринен колго түшсө, 25 жаштагы жигит баңгизат даярдоо менен алектенүүгө шектелип кармалган. Ошондой элде Аламүдүн районундагы айылдардын биринде үй ижарага алып, синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүчү лаборатория уюштурушкан деген шек менен 35 жана 34 жаштагы чет өлкөлүк жарандар кармалышкан.
Үйдү тинтүү учурунда синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүгө арналган жабдуулар жана сарпталуучу материалдар, атайын кийимдер, ошондой эле сатууга даярдалган баңгизат каражаттары табылган. Мындан тышкары 1 килограмм 400 грамм мефедрон, 3 килограмм 50 грамм гашиш жана 2 грамм каннабис майы алынган.
Алар былтыр ноябрь айынан тартып интернет-дүкөнү аркылуу баңгизат каражаттарын сатып келишкен. Учурда тергөө иштери уланууда.
Чүйдө эки жигит жана эки чет өлкөлүк кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан