Фархат Иминов Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.