Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев 9 балалуу үй-бүлөгө үй куруп берди

Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында 9 балалуу үй-бүлөгө жаңы турак жай курулуп берилди.

Демилге УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан ишке ашырылган. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасына жүктөгөн.

"Ар бир үйгө муктаж жаран үйлүү болушу керек", - деп билдирген Ташиев.

Жаңы үй заманбап шарттарга ылайык салынып, жашоо үчүн бардык негизги ыңгайлуулуктар менен камсыздалган. Бул кадам жергиликтүү тургундардын социалдык абалын жакшыртууга багытталган колдоонун бир бөлүгү экени белгиленди.

Айыл тургундары бул жардамды кубаттап, көп балалуу үй-бүлөгө көрсөтүлгөн камкордук үчүн ыраазычылык билдиришти.

9 балалуу үй-бүлөгө үй куруп берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан