
Нарын шаарында салмагы 54 килограмм 650 граммды түзгөн сейрек кездешүүчү эндиктин тамыры мыйзамсыз сакталгандыгы аныкталды. Бул тууралуу 10-июнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, мыйзамсыз жыйналган өсүмдүк толугу менен конфискацияланып, жаранга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Эскерте кетсек, эндик өсүмдүгү өлкөнүн баалуу жаратылыш ресурстарынын бири болуп, аны жыйноого мораторий киргизилген.