Бүгүн, 10-июнда мамлекеттик жана коомдук ишмер Мыктыбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Маркум менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын алдында уюштурулуп, бир катар мамлекеттик ишмерлер, саясатчынын замандаштары жана жакындары келишти.
Ал Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарында депутат болгон. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин кыска мөөнөткө парламенттин төрагасынын милдетин аткарган.
Мыктыбек Абдылдаев ошондой эле Кыргызстандын башкы прокурору жана ички иштер министри кызматтарын аркалаган. Мындан тышкары, президенттик администрацияны жетектеген жана Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп эмгектенген. Акыркы жылдары ал Элдик курултайдын катчылыгын жетектеп келген.
Абдылдаев 8-июнда 72 жаш курагында дүйнө салганы
кабарланган.