1-июлдан тарта Бишкек шаары боюнча түнкү каттамдар ишке кирет. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, түнкү каттам саат 22:00дөн таңкы 5:00гө чейин болот. Автобустардын жүрүү аралыгы 40 мүнөттөн.
Капаров ошондой эле бардык каттамдар өзгөртүлүп, автобустардын сандары иреттелерин кошумчалады.