Биз социалдык тармакта

Депутат Бишкек-Ош темир жолун ишке киргизүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков өкмөттөн Бишкек-Ош темир жолун ишке киргизүүнү суранды.

Эл өкүлү бул күйүүчү май, аба каттамынын билети кымбаттаган учурда маанилүү деп эсептейт. Анын айтымында, Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыктар дагы көп катталууда.

"Темир жол эл үчүн эң коопсуз каттам болмок. Өкмөт долбоорун иштеп чыгып, аны ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгүн караштырыш керек. Бул элибиздин жашоосуна, мамлекетибиздин экономикасына салым болмок",- деди Кубанычбеков.

Депутат Бишкек-Ош темир жолун ишке киргизүүнү сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан