Жалал-Абад облусунда жумуш жетиштүү, бирок жумушчулар жетишпей жатат. Бул тууралуу облус башчысы Тилек Текебаев Токтогул районунун тургундары менен болгон жолугушууда сөз кылды.
Токтогулдагы "Тазалык" ишканасы жумушчуларды таппай жатканын айтып, алардын маянасы 30 миңден жогору экендигин белгиледи.
"Баарыбыздын эле кабинетте отуруп, жетекчи болгубуз келет. Ага чейин канча деген тепкич бар. Ошонун баарынан өтүш керек да. Азыр Жалал-Абадда завод, фаврикаларды ачып жатабыз, ал жакта да жумушчулар жок. МИКтин үйлөрүн курууда курулушчуларды сурасак, ал жакка да барышпайт",- деди Текебаев.
Облус башчысы мындан улам төлөнүүчү акыга ыраазы болгон пакистандык жана индиялык жумушчуларды жалдап жатышканын кошумчалады.