Биз социалдык тармакта

Өлкөгө Грузиянын премьер-министри келет

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Президенттин администрациясы маалымдагандай, анын өлкөгө болгон алгачкы сапары 11-13-июнь күндөрүнө туура келет. Жолугушууда тараптар кыргыз-грузин эки жактуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү келечегин талкуулашат.

"Сапар тарыхый мааниге ээ жана эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки Грузия өкмөтүнүн Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапары болуп калат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан