Бүгүн, 10-июнга карата шашылыш билдирүүгө ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Атап айтканда, аймакта күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Мындай аба ырайы бак-дарактарды кулатуу, жеңил конструкцияларга жана электр линияларына зыян келтирүү коркунучун жаратат.
Тургундарга коопсуздук максатында терезелерди бекем жабуу, балкондогу жеңил буюмдарды ичкери киргизүү жана катуу шамал учурунда ачык аймактарда жүрбөө сунушталууда.