Бишкек шаарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетип, аба ырайынын кескин өзгөрүшү байкалууда. Катуу шамалдын кесепетинен борбордук аянттагы мамлекеттик туу жабыркады.
Шаар тургундарына коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталат. Айрыкча бак-дарактар көп жайгашкан көчөлөрдө жүрүүдөн алыс болуп, унааларды коопсуз жерлерге токтотуу зарыл.
Адистер шамал басаңдаганга чейин этият болууга чакырышат.